Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат:
28-апрель күнү өлкө боюнча 52 миң 603 чарчы метр имараттын ичи, 537 миң 623 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 590 миң 226 чарчы метр аймак жана 1 миллион 221 миң 198 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 284 куткаруучу тартылды.
Чүй облусунда 449 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 515 килограмм хлор, 200 литр суюк хлор колдонулду;
Нарын облусунда 9 миң 218 чарчы метр имараттын ичи, 9 миң 180 чарчы метр имараттын сырты жана 122 миң 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 369 килограмм хлор, 75 литр суюк хлор колдонулду;
Ысык-Көл облусунда 1200 чарчы метр имараттын ичи, 456 миң 960 чарчы метр имараттын сырты жана 60 миң 580 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 390,5 килограмм хлор колдонулду;
Жалал-Абад облусунда 17 миң 400 чарчы метр имараттын ичи, 33 миң 840 чарчы метр имараттын сырты жана 203 миң 58 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 1016 килограмм хлор, 270 даана хлор таблеткасы жана 826 литр суюк хлор колдонулду;
Ош облусунда 19 миң 267 чарчы метр имараттын ичи, 10 миң 475 чарчы метр имараттын сырты жана 95 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 552 килограмм хлор жана 14 литр суюк хлор колдонулду;
Ош шаарында 1 миң 750 чарчы метр имараттын ичи, 8000 чарчы метр имараттын сырты жана 18 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 144 литр суюк хлор колдонулду;
Бишкек шаарында 82 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 343,5 килограмм хлор колдонулду;
Баткен облусунда 2 миң 488 чарчы метр имараттын ичи, 12 миң 32 чарчы метр имараттын сырты жана 123 миң 560 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 60 килограмм хлор, 164 литр суюк хлор, 15 даана хлор таблеткасы колдонулду;
Талас облусунда 1 миң 280 чарчы метр имараттын ичи, 7 миң 135 чарчы метр имараттын сырты жана 67 миң 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 235,5 килограмм хлор колдонулду.