Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцина алгандарга 10 гигабайт интернет белекке берүүнү убада кылды

COVID-19га каршы вакцина алгандарга 10 ГБ интернет белекке берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19га каршы вакцинаны алган жарандардын бардыгы үчүн О! Мобилдик операторунан бонуска 10 ГБ интернет алуу мүмкүн болот.

Эмне кылуу керек?

* Өлкө боюнча ачылган пункттардын биринен COVID-19га каршы эмдөөнүн жок дегенде биринчи дозасын алуу.

* "Мой О!" тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу же болбосо түз эле тиркемеден тез онлайн идентификациядан өтүү.

* "Мой О!" тиркемесин жаңылоо, "Менюга" кирүү, "Вакцинация статусун" тандоо жана "Текшерүүнү" басуу.

* Вакцинанын экинчи дозасын алгандан кийин "Мой О!" тиркемесинин ар бир идентификацияланган колдонуучусу QR-код менен вакцинация тууралуу сертификатты акысыз ала алат.

* Алган сертификатты каалаган мессенджерге же почтага жөнөтүүгө, ошондой эле "Путешествую без COVID-19" тиркемесинен маалыматтарды жүктөө үчүн колдонууга болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Janym_ata_enem
2021-07-26 16:17:51
Вакцина алам деп олуп калсан ал 10гб интернетти Ким колдонот?
+4
Talant22
2021-07-26 16:26:20
Омурумду 10 гигабайтка алмаштырбайм
+3
Kanybekov94
2021-07-26 16:35:37
Конфет берем дегендей элен гооо
+4
Bekish_94
2021-07-26 16:47:51
Тапкычтыгы жогорку деңгээлде экен!
+3
bond0202
2021-07-26 17:24:33
10мин доллардан берсин.кокус олуп калсан бир нерсеге жарап калат
0
Rusbayastan
2021-07-26 18:15:40
10 гб силерге бердим,менден белек озунорго сая бергиле.
+2
bratanyn
2021-07-26 18:16:30
Алдап саярлар десе.
+4
Nursul
2021-07-26 18:59:21
Көкмеени алдай турган ыкма колдоно баштаган го. Жанакы интернеттен башы чыкпаган интернет аркылуу оюн ойношот ко ошол адамдар эле ваксина албаса 10гб интернет алам деп. Балдарыңарды ваксина алдырбасанар күздө мектепке кабыл албайт ооруса врачтар көрбөйт августтун аягына чейин калктын 70% ваксинасялаш керек гос жумуштагы адамдардын ар бирин экиден киши алып келгиле ваксина алдырганы болбосо жумуштан кетесиңер деп атыптырго. Бир ызычуу кылбасак болбой баратат ысыкта чогула алышпайт деп атышат окш
0
Margo82
2021-07-26 22:53:21
Nursul,18 жашка чейинкилерге вакцина сайылбайт
+2
Nursul
2021-07-26 23:32:42
Margo82, анда ошентип Ватсап группалардан сайрап атышат. Чет өлкөнүн бир келемишке салынбаган ваксинасын бизге таңуулап жатышат да.
-1
bessmertiy
2021-07-26 23:57:46
Nursul,Алгандар алып бир жакшына эле жүрөт. Өзүң албасаң алба, калп айтып элдин убалына калба. Былтыр Адахан вирус жок, ал саясат деп ага ишенген канча адам вирустан өлдү. Элдин башын айлантпа. Вакцинанын зыяны жок.
0
Nursul
2021-07-27 12:23:48
bessmertiy, сени алба деген эчким жок мага десең экини катары менен албайсыңбы. Адамдарды заставитьетип атканын айтып атам бирөөнүн пикирине акылдуу болуп аралашпай меенди иштетип анан аралашсан жакшы болмок. Буга чейин вирус деген балеси жокто адамдардын өлгөнүн ким санап отуруптур сен эсептеп отурдун беле. Бутуң ооруса да ковид кылып ататко групп деген оору жок болду анан не дейсин алгыла сыноодон өтпөгөн брак деген ваксиналарды ала бергиле дейинби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан