Бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйын учурунда "25-апрелден тарта дарыгерлерден түзүлгөн топ байланышта болгондорду, үй карантининде жаткандарды массалык түрдө иликтөө иш-чараларын баштады. Ага каршы болгондор барбы, бул иштин укуктук жагы кандай болот?" деген суроо узатылды.
Буга комендант Малик Нурдинов төмөндөгүдөй жооп берди.
"Медицина кызматкерлерин өздөрүнүн иштөө алгоритми бар. Башынан эле ооруган адам анын үй-бүлөсү жана алар менен байланышта болгондордун баарынан анализ алынып келет. Бүгүнкү күндө "мен барбайм" же "анализ тапшырбайм" деп баш тарткан адамдар жокко эсе. Эгер жарандар арасында медицина кызматкерлерине баш ийбеген учурлар болсо, анда ички иштер кызматкерлери талап кылабыз. Керек болсо обсервацияга алып келип, анализ алууга милдеттүүбүз. Анткени бул бир адамдын анализ тапшырбай коюу укугу жөнүндө эмес, ал жашаган жалпы айыл, элдин саламаттыгы жөнүндө маселе болуп жатат. Андай кайдыгерликке жол бербейбиз.
15 күн мурун бир үй-бүлөнү обсервацияга алып кетүү үчүн барышкан экен. Себеби алардын тууганында оору аныкталыптыр. Ошондо бул үй-бүлөдөгүлөр медицина кызматкерлерине анализ тапшыруудан баш тарткан учур катталган. ИИМ кызматкерлери жерине барып, мыйзам чегинде түшүндүрүп, обсервацияга алып келип жаткырганбыз, бүгүн алардын анализдери жакшы жыйынтык берип, үйлөрүнө чыгарылды", - деди комендант.