Өткөн суткада республика боюнча дагы 506 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен илдет жалпы 6 миң 767 адамга жайылды. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары – 230;
Чүй облусу – 151;
Ош шаары – 36;
Ош облусу – 14;
Нарын облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 21;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 19;
Ысык-Көл облусу – 25.
Ооруп жатканы аныкталгандардын ичинен бирөө сырттан келген. Калгандары оорулуулар менен байланышта болгондор.
Стационарда 638 адам дарыланууда, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө 19 бейтап жатат. Үй карантининде дарыланып жаткандар – 3 миң 398.