Бүгүн, 27-апрелде өлкөгө 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү үчүн келген польшалык медициналык адистер тобунун жетекчиси Михал Мадейски мырзанын онлайн медиа-брифинги өтүүдө.
Учурда польшалык дарыгерлер өлкөнүн түштүк аймагында. Буга чейин топ Бишкек шаарынын Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада бир нече күн болуп, мекеменин адистери менен биргеликте бейтаптарды дарылашкан.
"Бул жакка келген дарыгерлердын он жылдан ашуун тажрыйбалары бар. Алар өзгөчө абал учурунда иштеп, тажрыйбалары мол. Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында иштедик. Биз дарыгерлер менен аз убакыт аралыгында бири-бирибиз аркылуу тажрыйба алууга жетиштик. Бизди меймандостук менен тосуп алган бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз", - деди Михал Мадейски.
28-апрелде ДСУнун аталган техникалык миссиясы аяктайт жана Михал Мадейски мырза Кыргыз өлкөсүндөгү ДСУнун өкүлү, директор Назира Артыкова менен биргеликте Кыргыз мамлекетиндеги миссиясынын жыйынтыгын чыгарат.