Бүгүн, 7-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө жалпы 228 адам коронавирус жуктуруп алса, алардын ичинен 19у дарыгерлер. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө жалпы 19 дарыгер коронавирус оорусу менен ооруп жатат. Булардын клиникалык симптомдору жок. Дарыгерлердин бардыгы жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Биз атайын эсептеп чыгып, өкмөттөн бөлүнгөн акчадан дарыгерлерге аванс катары бергенбиз. Азыр март айынын айлык маянасы эсептелип жатат. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер орточо эсеп менен 45 миң сом, медайымдар 43 миң сомго чейин айлык маяна алышат", - деп билдирди министр.