Бүгүн, 29-май, күнгө жума. Саламаттыкты сактоо министрлиги демейдегидей эле өткөн сутка ичинде өлкө аймагында коронавирус боюнча орун алган жаңы жагдайларды айтууда. Маалымат берүү онлайн өтүп, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев катышууда.
Вирустун булагы белгисиз болгон канча бейтап аныкталды, бул көрүнүш инфекциянын күчөшүнө алып келиши мүмкүнбү?
"Бизге оорунун белгилери менен кайрылып жатышат, иликтей келгенде бейтаптар так маалыматтарды бере албай калышат, айрымдары үйдө эле отургам дейт. Мындайда байланышта болгондорду терең изилдөө оңой болбойт. Ошого мен элди коомдук транспортто жүргөндө, сейил бак, базарларга баргандарды бардык эрежелерди сактоого чакырат элем, өзгөчө мындай жайларга балдарды эрчитүүдөн алыс болсок. Коомдук унаалар да жүргүнчүлөрдү толтуруп салып алышууда. Оорунун күчөшүн жоюу ар бирибиздин эле милдетибиз", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 4 кызматкерден коронавирус илдети аныкталды:
Анын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош шаарында.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 330 медициналык кызматкерге коюлду. Алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Коронавирус жаңы аныкталган 68 адамдын 70 пайызы сырттан келгендер экенин айтты саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Республика боюнча СOVID-19 инфекциясы дагы 68 адамдан аныкталды.
Алардын ичинен:
Бишкек шаарында - 35 адам (анын ичинен 26сы Орусиядан келген курсанттардан);
Чүй облусу - 5;
Ош шаары - 2;
Баткен облусу - 1;
Нарын облусу - 4;
Орусиядан келгендерден - 21 (алардын ичинен 11и кош бойлуу аял, 10у студент).
Республика боюнча коронавирус өлкөгө келгенден бери 1 662 адамдан инфекция аныкталды.
Бир суткада 22 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.
Жалпы 1088 бейтап бул ооруну жеңди.