17-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 632 миң 903кө жетти. Анын арасынан 1 миллион 693 миң 57 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 311 миң 739 адам көз жумду.
Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 467 миң 796 адам катталды. Андан 268 миң 376 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 88 миң 754 адам оорудан каза болду.
Орусияда 272 миң 43 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 63 миң 166 бейтап сакайып, 2537 адам дүйнө салды.
Улуу Британияда болсо 241 миң 463 адам коронавирус илдетин жуктурган. Андан 1058 адам айыкса, каза болгондордун саны 34 миң 546га жетти.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.