Улуу Британияда коронавируска чалдыккандарды дарылоого сунушталган дексаметазон препаратынын клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы чыкты. Аны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус "илимий ачылыш" деп атаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Оксфорддо өткөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, дексаметазонду жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, оор абалда жаткан бейтаптарга колдонуу алардын арасындагы өлүмдү 35 пайызга азайткан. Ал эми кислородго муктаж болгон бейтаптар арасында өлүм 20 пайызга азайган.
"Бул COVID-19га чалдыгып жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп оор абалда жаткан бейтаптар арасында сакайып кетүү пайызын жогорулаткан биринчи препарат" деген Тедрос Адханом Гебрейесус.
Британ өкмөтү кечээ, 16-июнда дексаметазонду коронавирус менен жабыркап жаткандарга колдонууга уруксат берди. Анын бир упаковкасы 5 фут стерлинг (болжол менен 400 сом) турат.