1-июлга чейин. Ошто эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилди

Ошто 1-июлга чейин массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынды. Буга аймактагы эпидемиологиялык абалдын курчушу себеп болгонун Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.
Ага ылайык:
* Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн саны 60-70 пайызды түзүп, бет кап тагынуу режими сакталышы керек;
* Унаада санитайзердин болуусу талапка ылайык;
* Аралыкты сактоо;
* Төлөмдөр терминалдар аркылуу жүргүзүлсө артыкчылыктуу болот;
* Унааны 3 маалдан кем эмес жууп туруу;
* Ар бир каттамдан кийин отургучтардын, кармоочтун, эшиктин кармагычтарын тазалоо;
* Айдоочулардын патенти жанында болуусу тийиш.
"Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу дагы үч мобилдик топ түзүлдү. Коомдук жайларда, мекемелерде текшерүү иштери күчөтүлдү. Шаардын бардык базарларында жумасына бир жолу санитардык күн өткөрүлүп, тиешелүү кызматтар аймакты тазалашат.
Ресторандардагы, тойканалардагы орундардын 50 пайызы гана толуп, санитардык эрежелер сакталышы зарыл. Эгер 1-июлдан кийин эпидемиологиялык кырдаал курчуса тойлорду, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн.
Ал эми билим берүү мекемелеринде окутуу онлайн режимде улантылат. Учурда №52 жана №18 мектептеринин базасында күндүзгү стационарлар ачылды. Зарылдык болсо кошумча күндүзгү жана күнү-түнү иштеген ооруканалар ачылат. Шаардын мечиттеринде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды так сактоо зарылдыгы, айрыкча жума намаз учурунда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.
Медицина кызматкерлери үчүн Ош колледжинин жана Умму Мухаммед медресесинин базасында обсервация уюштурулду", - дешти маалымат кызматынан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан