Польшалык медициналык адистер тобунун жетекчиси Михал Мадейски Ош жана Жалал-Абад облусундагы иштеп жаткан дарыгерлердин эмгегин мыкты деп баалады.
"Эки облустун дарыгерлери күжүрмөн иштеп жатышат. Алар бардык аракеттерин көрүп, бейтаптарды айыктырууда. Биз алардын ишмердүүлүктөрүн мыкты деп баалайбыз. Ал эми алардын иштөө шарттарына азырынча баа бере албайбыз. Себеби биз колдон келишинче бири-бирибизге тажрыйба алмашуу менен убакыт өтүп жатат", - деди ал.