Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына келбей тургандыгы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызышууда.
Маалыматка караганда, алгач Синдзо Абэ 9-майдагы иш-чарага катышууну, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугушууну пландап жатканы кабарланган. Бирок дүйнө жүзү жапа чегип жаткан коронавирус пандемиясынан улам ал бул иш-чарага катыша албай тургандыгын билдирген.
Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парады коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган. Жеңиш парадына мурунку Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн башчылары чакырылган.
Мындан сырткары парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон.