Орусияда коронавирус жуктурган кош бойлуу аялдардын саны 400гө чукулдап калды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акушердик жана гинекология боюнча башкы адиси Лейла Адамян 400гө жакын кош бойлуу айымдардан коронавирус аныкталганын билдирген. "394 аял учурда коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө. Алардын арасынан 276 аял Москвада катталган. Бактыга жараша, баарында оору жеңил өтүүдө", - деген Адамян.