"Абал турукташканда кайрадан футбол беттештеринен жолугабыз". Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кайрылуу жасады

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу кыргыз элине жана футбол күйөрмандарына кайрылуу жасады.

"Урматтуу достор!

Бул оңой эмес күндөрдө дүйнө жүзү, ошондой эле биздин өлкө коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө. Дүйнөлүк футбол коомчулугу бардык мелдештерди токтотту, Кыргыз футбол союзу биринчилерден болуп бул абалга реакция жасады. Өлкөдөгү бардык мелдештер, ошондой эле футбол жана футзал боюнча чемпиондуктар башка убакыттарга жылдырылды. Мындай учурда футболчулардын, машыктыруучулардын, клубдардын кызматкерлери жана күйөрмандардын ден соолугу кымбат жана маанилүү.

Кыйын учурлар чогуу болгонго мүмкүнчүлүк берет, келгиле тынчтыкты сактап, сабырдуу бололу. Бул күндөрдү бардыгыбыз биргелешип жеңип чыгабыз деп ишенем. Абал турукташканда бардык мелдештер өз убагында өтүп, кайрадан футбол беттештеринен жолугабыз", - деп кайрылды Кыргыз футбол союзунун президенти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-04-07 20:25:24
биз дагы футболду сагындык
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан