28-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат убагында ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 72 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары – 57;
Ош шаары – 3;
Жалал-Абад шаары – 1;
Сузак району – 4;
Нарын шаары – 2;
Ат-Башы району – 5.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 654 жаран кармалды.