Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев пневмонияга кабылды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыкты. Бул тууралуу анын уулу Эркин Чолпонбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Урматтуу эл-журт! Фейсбуктагы комментарийлерди окуп отуруп унчукпай коё албадым. Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп, үй шартында дарыланып жатканына карабай, Финполдун суроолоруна жооп бериш үчүн барган. Финполдон чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 00:00дө чыдабай калганынан "Тез жардам" чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер пневмония 2 тараптуу, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюп, дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтарым менин атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес! Кудай буюруп, сакайып чыкса бардык суроолорго жооп берет. Андыктан атам тууралуу негативдүү маалымат таратпай, сабыр кылып турууңуздарды суранам. Бул пандемия менен күрөшүүнүн жол-жобосуна мамлекет даяр болбогондугун, ага убакыт жана тажрыйба керек болгондугун жакшы билесиздер. Бардык жоопкерчиликти бир кишиге үйүп салуу да туура эмес деп эсептейм. Ошол себептен атамдын саламаттыгы тууралуу так маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эң башкысы оору-сыркоодон алыс болуп, жакын адамдарыбыз менен аман бололу. Менин атам эч качан мыйзамсыз иштерди жасаганга бармак эмес. Себеби биздин жер карашыбызды кааламак эмес", - деп жазган Эркин Чолпонбаев.

Эске салсак, 6-июлда Космосбек Чолпонбаев кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандан кийин Финпол тарабынан суракка чакыртылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi010891
2020-07-10 23:19:37
Олда эненди десе, жооп береринде ооруп калганын чатак болду Космос
+2
Nur777
2020-07-10 23:37:21
Мен кыйын деген олколорго деле коронавирус келди,Кыргызстанга да эртеби-кечпи келмек,ага тиги Оштогу 3 озбек куноолуу эмес Умрага барган же Чолпонбаев куноолуу эмес,же дагы башкасы кунооолуу эмес,просто вопрос времени болчу,куноосу бар,бирок баласы айткандай бир кишиге уйуп койгон болбойт,ал да колунун келишинче даярданган,ал эми медицинилалык каражаттарды сатты дегени бул ГКНБнын жомогу,бир жомокту чыгарып крайнийди табыш керек да...
0
Nur777
2020-07-10 23:38:50
Куноолуулор булар:Президент,Премьер,Жогорку Кенеш,негизи эле азыркы чабал окмоттун полный составы!
+4
Aman_90
2020-07-11 03:01:27
Nur777,Куноону бироого оодарганга эле кыйынсынар!Аракет кылып эле атышатго,дагы башка эмне кылышсын!Бул бир Кыргызстанда эмес дуйнолук апаат болуп атат,керек болсо эн кучтуу мамлекет Америка оздуктаганга кучу жетпей атат бул ооруну.
-5
ZUXRIDDIN20
2020-07-11 00:09:21
Кыргызстанда коронавирус тарап жатабы же пневмониябы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан