Коронавирус эпидемиясы адамдарды айрым нерселерге болгон көз карашты өзгөртүүгө түрттү. Эгерде мурда адамдар шаар сыртында, башкалардан алыс жашап, жаратылыш кырсыгынан, акыр замандан же согуштан коркуп атайын жай даярдаган адам тууралуу укканда шылдыңдап күлгөн болсо, азыр такыр башкача.
Айрым маалымат булактары жазгандарына таянсак, пандемия башталгандан бери бүтүндөй дүйнө жүзүндө эле шаар четинен үй алгандар жана үй кура баштагандардын саны өскөн.
"Rising S Company" компаниясынын негиздөөчүсү Клайд Скотт мурда бункерлерге болгон талап эч качан мынча жогору болбогонун билдирген.
"Медициналык кырдаалдан улам бункерлерге болгон суроо-талап мынча күчөйт деп ойлогон эмеспиз" деген Скотт.
Аталган компаниянын эң арзан бир бөлмөлүү бункери 39 миң 500 доллар турат. Ал эми саунасы, өсүмдүктөр үчүн бөлмөсү, бассейни жана унаа токтотуучу жайы бар бункерин 8 миллион доллардан ашык акчага сатып алса болот.