Кыргызстанда “Жибек Жолунун жылдыздары” аттуу фестиваль болот
3-14-сентябрь күндөрү Кыргызстанда “Жибек Жолунун
жылдыздары” аттуу фестиваль болот. Германия менен Кыргызстан биргелешип уюштуруп
жаткан искусство фестивалы 2 өлкөнүн жаштарын бириктирүү жана кызматташтыктын
жаңы жолдорун ачуу максатында өткөрүлөт. Анда Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай
айылында музыканттар жана сүрөтчүлөр каалоочулар үчүн мастер-класс өтүшүп, чакан
концерт уюштурулат. 9-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда президенттик
"Манас" камералык оркестринин катышуусунда иш-чаранын расмий түрдө
ачылышы болот. Ошондой эле Бишкекте сүрөт көргөзмөлөрү болуп, бир катар
концерттер уюштурулат.