Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 841 адамдан коронавирус аныкталды. 108 бейтап бул инфекциядан каза болсо, 1 миң 830 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен:
Москва шаарында 2 миң 220;
Москва облусунда 686;
Санкт-Петербург шаарында 290;
Нижегород облусунда 131 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда 99 миң 399 адамдан коронавирус аныкталды. 972 адам каза болсо, 10 миң 286 бейтап айыгып чыкты.