Кытайда сырдуу оорунун кесепетинен каза болгондордун саны 6га жетти

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухан шаарында коронавирус оорусунан каза болгондордун саны 6га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, бул ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Акыркы күндөрү 258 адам ооруга чалдыкса, 6 адам каза болгон. Азыркы учурда ооруканада 227 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 51 адам оор абалда, 12 адам өтө оор абалда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, жакынкы күндөрдө оору башка аймактарга дагы таралуусу ыктымал. Жаңы пневмония түрү делген ооруга кабылгандардын көпчүлүгү Кытайда ал эми Тайландда бир адам катталса, Японияда 2 адам, Түштүк Кореяда 1 адам катталган.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухан шаарында катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sabish
2020-01-21 21:44:24
258,25 деген эмне деген корсоткуч? Ошондо канча адам?
0
Jelezo
2020-01-21 21:51:24
Sabish,лилипут
+2
XATSAN125
2020-01-21 21:53:01
оозду толтура жазгыла окуганда жакшы окулсун кытайда 600000 адам өлдү оорудан деп тем более алар түгөнбөйт
+2
Omush94
2020-01-21 22:32:32
XATSAN125,ошолор Кыргызстанга кирип кетпесе экен деп кудайдан күндө тилейли. Өзү да өлкөгө көп нерсе Кытайдан келет
+17
Chungyz
2020-01-21 22:03:04
жаны оору жаны дары чыгат кенда
+2
Avrora2017
2020-01-21 23:50:12
Chungyz,Tuura ushul oorunu ozdoru ele tarkatyp koiushu mumkun, biznes birinchiden anan massalyk turdoo elderdi jok kyluu sogushsuz ele
+2
assanov97
2020-01-21 23:03:30
Орунун белгилери кандай болоткен супер шону да жассанар
+4
Kyrgyz_bloger
2020-01-21 23:11:28
Ал вирус Корея,Японияга тарап жатса бизде аны алдын алуу боюнча иштеп жаткандар корунбойт го,баары эле саясатчы болуп кеткенби,биз деген Кытайга жакынбыз эки олконун адамдары бизнес деп тынбай кирип чыгып турушат,бизге келбейт деп ким кепилдик бере алат,окмоттон жана дужур канал КТРКдан бир нерсе байкалбайт го.
+12
Farra16gsin
2020-01-21 23:27:03
Кытайдын товарын продуктусун албай койсок эле болду кытайлар өздөрүле келбейт а бизде тескерисинче баары кытайдыкы
+4
Aikaaaa
2020-01-22 08:55:40
Farra16gsin,кытайдыкы мировой рынокто бар, анан кантип киргизбей коё аласың
+1
Shef87
2020-01-22 00:36:47
Өзлөрүн киргизбеш керек жайнап жүрөт го кыргызстанда
+8
GS-Zari
2020-01-22 00:49:53
Ушу кытайга тийген кыздарды балдары менен кууп жиберсе, кыргыз калбай калгансып кытайга тийип алышат
+9
Globalnews
2020-01-22 07:54:33
Бул сырдуу вирус оору Тайландда, Америкада, Кореяда, Японияда, Сингапурда, Филлипины, Австралияда да катталды, Кытыйда учурда Синцзянда каттала элек, так что КГ га кире элек, продукты аркылуу жукпайт, адамдан адамга аба аркылуу жугат, грипптей. Башталган жери Ухань шаары.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан