Новосибирск шаарында мекендештеринин укугун коргоп жүргөн кыргыз жигити дайынсыз болуп жатканы айтылууда

Орусиянын Новосибирск облусунда калган 22 жаштагы Жанузак Токтомамбетов аттуу Кыргыз жараны 5-майдан бери дайынсыз болууда. Мындай маалыматты жергиликтүү орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта Жанузак Токтомамбетовдун Бишкек шаарында жубайы жана кичинекей баласы калганы айтылат. Учурда аны жакындары жана мекендештери издеп жатышат.

"Ал акыркы жолу үй-бүлөсү менен 2020-жылдын 5-майында байланышкан экен. Орусияда эпидемия күчөп, карантин жарыяланганда, ал башка мекендештериндей эле Кыргыз өлкөсүнө кетүү жолдорун издеп баштаган. Ал үчүн поезд менен Новосибирск шаарына келген. Бирок ал жерде дагы көптөгөн Кыргыз жарандары мекенине кайта албай, каттамды күтүп калышкан. Ошол маалда Жанузак Токтомамбетов активист болуп, бийликке петицияларды жазып турган. Мындан тышкары мекендештеринин укугун коргоп, алардын жашоо-шартын текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн активдүү иштерди алып барган. Каттамды күтүп жаткан маалда жанындагыларга пони ферма куруу үчүн жумушка чакыруу алганын айткан экен. Андан кийин Новосибирск шаарындагы кыргыздардын жарымы өз өлкөсүнө кетип жатканда, баштаган жумушун бүтүрүү үчүн сентябрь айына чейин каларын билдириптир. Ошентип активист чоочун шаарда калган бойдон дайынсыз", - деп жазылат маалыматта.

Жанузак Токтомамбетовдун бою 165 сантиметр. Жоголгон күнү ал болжол менен жашыл түстөгү футболка, жашыл баш кийим, боз спорттук шым жана ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Жанында рюкзак көтөрүп жүрүшү мүмкүн. Учурда анын эки телефону тең өчүк. Социалдык тармактарда 28-апрелден бери болгон эмес. Акыркы жолу Новосибирск шаарынын кабарчысы менен сүйлөшүп интервью берген. Издегендер оорукана, морг жана социалдык борборлорду карап чыгышкан. Ал жерлерден дагы табылган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан