Коронавируска каршы вакцина 1 жылга жетпей иштелип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдирген.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта вакцинаны иштеп чыгуу боюнча иштер өтө тездик менен жүрүүдө. Бирок вакцина качан пайда болоорун так айтуу мүмкүн эмес.
"Биз эч токтобостон жүрүп жаткан иштин натыйжасында, вакцина 1 жылга жетпей иштелип чыгат деп ишенебиз", - деп билдирген Клюге.
Бүгүнкү күнү вакцинанын 100дөн ашык болжолдуу түрү бар, аны иштеп чыгуу вирус чыккандан тартып, тагыраагы 60 күндөн кийин башталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина иштелип чыкса, анын мамлекеттер арасында калыс түрдө бөлүштүрө турганын билдирген.