Бишкекке Новосибирсктен 176 жаран учуп келишти. Алар дароо эле обсервацияга жөнөтүлөт

Бүгүн, 22-апрелде 176 жаран Новосибирск-Бишкек чартердик каттамы менен өлкөгө учуп келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан тиешелүү кызматтын кызматкерлери тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Коопсуздук үчүн өлкөгө учуп келген 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине киргизилбестен, перронунда тейленди. Алар дароо эле обсервацияга жөнөтүлөт. Ал эми учак менен Бишкектеги Орус жарандары Новосибирскке учуп кетишет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Новосибирсктен Бишкекти көздөй "Толмачево" аэропортунан Кыргыз жарандары мекенине учуп кетишкени кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2020-04-22 19:41:07
Коррупция болду го ушул учак список тузуп. Списоктун алдына жылдырып акча алышты, москвадан кече учуп келип бугун бишкеке келишти ал эми канча кундон бери кутуп жаткан жарандарыбыз дагы калып кетти ыйлагым келип атат тен укуктук деген жок
+6
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-22 20:00:24
Kuba-savai87, козундон кан акса да бул дуйнодон тен укукту таппайсын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан