"Бүгүн түнү блокпосттордун бардыгы алынат" дейт ички иштер министри

Депутат Дастан Бекешев Бишкекте блокпосттор качан алына турганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев президенттин жарылыгында бул тууралуу айтылганын эскертти. Анын айтымында, 1-майдан тарта блокпосттордун бардыгы алынып, жөө жана авто патрулдар калат.

"Эртеңден баштап таксисттер иштеп башташат. Таксисттер электрондук өткөрмө уруксат кагазын алганга жетишпей калышат", - деди депутат.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бул боюнча бүгүн өкмөттө жыйын болгонун айтты. "Санитардык эпидемиялык нормаларды сактагандарга электрондук уруксат беребиз. Билдирүүнү толтуруу үчүн жарым мүнөт кетет. Талаптарга жооп бергендерге электрондук уруксат кагазы берилет", - деди Орозалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aktan2018
2020-04-30 13:31:52
Блокпосттор алынса пропусктун эмне кереги бар.
+12
admiral
2020-04-30 14:05:08
Дагы бир аз кое туруш керек эле
+8
Milduri
2020-04-30 14:11:28
Таксисттер кантип уруксат кагазын ала алышат себеби онлайн режимде алуу үчүн аябай көп нерсе толтуруш керек экен
+4
Baha.A
2020-05-01 07:45:27
Инфочулар сериалдар качан чыгааат?
0
admin_portal
2020-05-01 10:27:21
Baha.A, саламатсызбы! Адатта гезит сайтка чыккан 4-күндөрү чыгып жатат, кечээ чыккан.
0
ajydaar
2020-05-01 09:29:06
Хи хи
0
anonymous
2020-05-01 12:43:51
Акордодо алган жок пробка не кереги бар баары бир 1 саат кутуп отуп атышат.далбаептор вирус токтоп кала тургансып тосуп
0
anonymous
2020-05-01 14:59:15
Тушунбогонум шаардын ичинде каалагандай журушот акордо деле шаарга карайт тосуп эмне кереги бар өтүп атышпайбы баары бир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан