Кытайда сутка ичинде 12 адамдан коронавирус аныкталды

Коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 12 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 32 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган 12 адамдын алтоо сырттан келгендер болсо, калганы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясында, дагы бири Ички Монголияда аныкталды. Бул эки аймак тең Орусия менен чектешет. Сутка ичинде бул инфекциядан каза болгондор катталган жок.

Акыркы маалыматтар боюнча, вирустун очогу болгон бул өлкөдө жалпы 83 миң 956 адамдан вирус аныкталган. 4 миң 637 бейтап каза болсо, 78 миң 523 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан