Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө 91 бейтап чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Бишкек шаары – 41;
Чүй облусу – 19;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 2;
Талас облусу – 1.
Республика боюнча жалпы 3660 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 228, жалпысынан1654 киши айыкты.
Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны - 5314 кишини түздү.