Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин 929 бейтап айыгып чыкты (видео, хронология)

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу бүгүн, 21-майга карата жаңы маалыматтар берилди. Онлайн түрүндө өтүп жаткан брифингге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келди.

2020-05-21 10:46:00

Ош шаарында 132 жаран коронавирус менен ооруп жатса, бүгүн, 21-майда дагы 5 адам кошулду.

Айыккандар - 111

Каза болгондор - 2

Ооруканада - 19

Ош облусу боюнча 198 адам вирус жуктурса, 168 адам айыкты.

2020-05-21 10:44:00

Бишкек шаарында коронавирустан 305 адам айыкты. Каза болгондор 4. Кечээ, 20-майда айыгып чыккандар - 8. Учурда Бишкек шаарынын 33 тургуну ооруканада.

2020-05-21 10:31:00

Нарында Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы айтылды.

2020-05-21 10:28:00

"Учурда акчалай компенсация канча кызматкерге берилди?" деген суроого "Азыр атайын комиссия иштеп жатат. Ал эми өкмөт бөлгөн акчанын бир сому дагы коротулбай турат. Эгер кызматкерлерге акча жетпей калса, анда өкмөт ал маселени чечип коёт деп ишеничтүү айта алам", - деди министрдин орун басары. 

2020-05-21 10:25:00

"Каза болуп жаткан адамдарды коронавирустан каза болгонун кантип аныктайсыңар?" деген суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары төмөнкүчө жооп берди.

"Биз адам ооруп жатканда бат-баттан анализ алып турабыз. Ал эми жарандын абалы улам оорлошкон сайын дагы текшерилип турат. Каза болгондон кийин дагы анализдер алынып, мындан улам биз бул вирустан каза болгонун айтып жатабыз", - деди Үсөнбаев.

2020-05-21 10:10:00

Кочкор районундагы вирус жуктурган 3 адам тең айыгып, ооруканадан чыкты.

2020-05-21 10:10:00

21-майга карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 1 миң 313кө жетти. Алар:
Стационарда – 370 (алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 5);
Ооруканадан чыгарылды – 929;
Каза болгондор – 14.

2020-05-21 10:08:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 270. Алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-21 10:05:00

20-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 43 адам жуктуруп алды. Алар:
Бишкек шаары - 22+1 Санкт-Петербургдан келгендер;
Ош шаары - 5;
Чүй облусу - 1;
Ош облусу - 4;
Нарын облусу - 8;
Баткен облусу - 2.

2020-05-21 10:02:00

Бир суткада 19 бейтап айыгып чыкты. 

Айыккандар:

Бишкек шаары - 8;
Ош облусу - 5;
Жалал-Абад облусу - 4;
Баткен облусу - 2.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 929 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-05-21 10:09:41
Орусияда соо адам калган эмес окшойт тооба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан