Бүгүн, 30-апрелде Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн маалымат жыйын берди. Анда шаар мэри бүгүнкү күнгө борбор калаадагы 83 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилгенин айтты.
"Бишкек шаарында коомдун аярлуу делинген катмарына кирген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө 7 тармак боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Биринчи, өкмөт тарабынан көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүнгөн. Экинчи, соопчулук фонддору тарабынан 14 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берүү пландалган. Анын ичинен 9 миң 794 үй-бүлөгө жардам берилди. Үчүнчүсү, шаардык ишкерлер тарабынан 23 миң үй-бүлөгө жардам берилди. Төртүнчү, шаардык бюджеттен 16 миң 725 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Бешинчиси, өкмөт тарабынан 2 миң 568 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Республикалык штабдан 1000 азык-түлүк топтому таратылды. Жетинчи, өкмөт тарабынан 24 миллион сомго 30 миң азык-түлүк баштыктары берилди. Ар бир азык-түлүк топтому 1 миң 200 сомду түздү. Бүгүнкү күнгө чейин шаар боюнча 83 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди", - деп билдирди шаар мэри.