Мухаммедкалый Абылгазиев: "Коронавирус коркунучу бизге жакындады"

Коронавирус коркунучу биздин өлкөгө жакындады. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы коронавируска байланыштуу чараларды жүзөгө ашыруу жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айтты.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус жуктуруу фактылары катталды. Бул өлкөлөр менен негизги соода өнөктөштүк катыштыгыбыз бар болгондуктан, бизге таасирин берет. Вирустун Кыргыз өлкөсүнө келүү коркунучу жакындады десек болот. Ошого байланыштуу ыкчам чараларды күчөттүк. Текшерүү процесстери күчөдү", - дейт өкмөт башчы.

Өкмөт башчы: "Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн күнүнө миңдеген адамдар кирип чыгууда"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jaznura
2020-03-16 11:44:02
Казакстан Өзбекстан бир тараптан Кытай албетте коркунучтуу да.
+5
robot111
2020-03-16 11:50:46
Чек араларды жабыш керек. Кошуналарда короновирус жоголгучакты жаба туралы.
+4
Bars88
2020-03-16 12:18:04
Кыргыздар коронавирустун дарысын тапты.Дарысы ун май чай экен
+13
Abramovich
2020-03-16 12:59:14
Басып койгон ундан бышырып жеп, булактын суусунан чай демдеп, сахардан салып ичсе болбойт экен го. Литрлеп алган майдан денеге суйсоп койсонор жизнь жукпай имиш. Элдин баары ошентип даярланып алышыптыр. Мен эле отурам кенебей
+2
jasgul
2020-03-16 13:44:21
Abramovich,кнопкаларды басканда да болбойт имиш го
+2
Altyn2017
2020-03-16 13:23:14
Кудай сактасынго 2-3 күндөн кийин бизде да Коронавирус катталды деп маалымат берип баштаса тан калбаймын деле,бизде уже катталган болуш керек,Казакстанда да ушундай болуп башталбадыбы.
-4
arimaz89
2020-03-16 14:40:53
Altyn2017,Бизде гриппти араң аныкташат, коронавирусту аныктагыча жарым кылым өтүп элдер айыгып калган кез болоор...
+10
Nagul
2020-03-17 10:13:48
arimaz89,Туура айтасыз
0
tachkomur
2020-03-16 19:16:08
Кыргызстанда карона вирустун дарысы бар екен тамак кылган майдан суйконуп ундан чачып алса жукпайт екен
0
Altyn10076
2020-03-16 20:57:39
Арзан алган ундар жарабайт, кыбаттаган ундардан алгыла...
0
Nargizab
2020-03-16 21:31:50
Ушул бекер каяктагы создорду жазганча АЛЛАХЫМ сактасын деп тилесенер. АЛЛАХЫМ элимди ушул вирустан озун сакта.
+3
munduz2016
2020-03-16 23:44:03
Жаратқан өзү сактасын жаман апааттардан. Авария деген кырсыктан каза болгондор жетишет (бөөдө кырсыктардан Аллах сактасын)
+1
Muratmipa
2020-03-17 10:46:58
Ким эле болсө ун жөнүндө жазыпсынар эми элдер коронтин болуп калса көчлгө чыкпай уйдө нан кылып жеп күн кечирип турабыз деген эле ойдо алган болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан