Бул күнү өлкөдө коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны 48ди түздү.
Өлкөдө бир суткада 37 адамдан коронавирус аныкталып, анын көбү Бишкекте катталды.
Сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын алтоо медициналык кызматкер экени белгилүү болду.
Акыркы сутка ичинде дагы 2 адам коронавирустан каза болду. Каза болгондор Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял киши, Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунан 82 жаштагы аял киши.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавирус менен ооругандарды дарылоого убактылуу иштетилмей болду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.