Сузак районунун экономикасы 1 жарым айдын ичинде кыйла артка жылып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйында Сузак районунун акими Эрмекбай Омошов билдирди.
"Райондун экономикасы 1 жарым айдын ичинде кыйла артка жылды. Статистикалык маалымат боюнча өнөр жай жаатында жылда аткарып жүргөн нормадан 54 пайыз артка кеттик. Демек, айтылгандар өнөр жайынын баары токтогонун билдирип жатат.
Ал эми өнөр жайлары азыр деле толук ишке кире элек. Экономикалык чыгымды баары жанданып бүткөндөн кийин дагы эсептеп чыгабыз. Элибиз экономикалык чыгымдардын негизинде жашап жатат. Ал эми мамлекет тарабынан кетип жаткан чыгымдар чынында көп болду. Анткени элдин аярлуу катмарларына бир топ материалдык жардамдар берилди", - деди Омошов.