Кыргыз өлкөсүндөгү коронавирус менен Кытай, Италия күрөшүп жаткан вирустун айырмасы кайсы? Оорукана башчысынын жообу

Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун маалымат борборунда өтүп жаткан жыйында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Кумар Ботокараевге жаран тарабынан төмөнкүдөй суроо узатылды.

"Адис катары айтсаңыз, биздеги коронавирус менен Кытай, Италия күрөшүп жаткан вирустун кандай айырмасы бар? Аларда эмне үчүн өлүм аябай көп болду?".

"Албетте, бул вирус дүйнөгө таркады. Кытай, Италия жана Испанияда өлүмдүн көрсөткүчү жогору болду. Бизде Кудайга шүгүр, өлкө аймагында 8 гана өлүм катталды. Бул коронавирустун экөөнү айырмалуу деп айтуу чынында өтө кыйын. Себеби бул жерде өлкөлөрдөгү лабораторияларды изилдеп, текшериш керек.

Текшерүү Улуу Британиянын борбору Лондондо жана Орусиянын Новосибирск шаарында гана аныкталат. Азыркы тапта кайсы штамм бизге келгени боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинде иш жүрүп жатат. Аз күндөрдө жооп келсе, буйруса, баарыбыз бул боюнча жооп угабыз", - деп жооп берди Ботокараев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан