+132. Өлкөдөгү жаңы рекорд. Коронавирус менен ооругандардын саны 2 миң 789

Акыркы сутка ичинде өлкөдө дагы 132 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Алар:

Бишкек шаары - 48;
Чүй облусу - 38;
Ош шаары - 13;
Ош облусу - 12;
Жалал-Абад облусу - 11;
Талас облусу - 4;
Нарын облусу - 6.

Сутка ичинде илдет аныкталган 59 жарандын ооруну жуктуруп алуу булагы белгисиз. Чет жактан келгендердин ичинен 7 кишиден илдет аныкталды, арасында жүк ташыган унаалардын айдоочулары бар. Калган 66 бейтап оорулуулар менен байланышта болгондор.

19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 2 миң 789.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kyrgyz_bloger
2020-06-19 10:12:59
Вирус жукпай эле,кундо 95-100-130 деген жанылыктарды окуп алып,ойлонуп сыгылып жинди болуп кетпесек болду.
+9
Krai
2020-06-19 10:15:40
Кудай сактасын ээ барган сайын өлкөдө абал оорлошуп баратат. Тынчылык эле болсо экен...
+5
bekbolotabdirasulov
2020-06-19 10:29:47
Krai,Боронов байке айттыго до конца 4900 болот деп болжоолдоптжатабыз жеп ,ошого жеткиретда эми ушинтип кошуп олтуруп, эртен +200 десе тан калбаймын))
+4
ZUXRIDDIN20
2020-06-19 10:18:19
Эмнеге мынча көп чыгып жатат.? Эгер калк карантинде көчөгө чыгып жугүзүп келе жаткан болсо анда өлкөдогу бардык аскерлерди милитцияларды көчөгө, ар бир үй алдына коюп карантинди кайра кучотпойбу.вирус ашып барса 14 кун дө билинет деп жатышат. Ошондой кылса кокустан жуктуруп үйүндө карантинде жаткандар ды таап ооруканага алып барып тынчытса болотко. Же бул саясый эле оюндугу чынбы?
-1
bekbolotabdirasulov
2020-06-19 10:31:12
ZUXRIDDIN20, Баарын Аллах билет, балким оооба же жок деп айтуу кыйын.Намазынызды тургузуп шугуур кылып турунуз ушул ай отсун буйурса басандайт (азаят)
+4
mirlan.tulanbaev
2020-06-19 10:20:23
Боронов айткан цифрага жеткизишет эми.Эх бийлик силерден умут деле калбады.неге силерге жукпайт?
+4
bekbolotabdirasulov
2020-06-19 10:31:59
mirlan.tulanbaev,тууура айтасыз, ошол цифрага жеткирип кийинки айдан азайтат, айыгып чыккандардын санын кобойтот))
+3
basyz-kaman
2020-06-19 10:30:50
Туугандар болушунча этият болуңуздар. Коронавирус жок деп өзүңөр ишенбегениңер аз келгенсип башкалардын дагы башын айлантпагыла. Көпчүлүк адамдарда оорунун белгиси билинбей эле өтүп кетсе кее бирөөлөрдү катуу оорутуп жатат айрыкча жашы улууларды жана өнөкөт оорусу барларды. Негизи коронавирус жок деген адамдын ичинде катуу коркунуч болот.
+7
Kenko
2020-06-19 10:37:05
Мурдатан эле 20-30 дей бербей 100-150 десеңер болмок экен. Акчаны тезираак списание кылып салмаксыңар.
+6
bekbolotabdirasulov
2020-06-19 17:18:07
Kenko,жардынго брат хаха
+2
Farra16gsin
2020-06-19 10:52:16
Туугандар вирус бар бирок башка деле оору менен барсаң каронавирус деп жатышат менин башыман өттүго эгер бар болсо кудай сактасын эмнеге менин үйбүлөөмдөн чыкпайт чогуу иштегендеримден чыкпайт кафеде чогуу болгон досторумдан чыкпайт башым ооруп мурдум бүтүп атканда канча киши менен чогуу болдум бирөөндөда симптом болгон жок болбой эле койсун бирок андан бери бир ай өттү мен болсо эки жолу цефтраксон эки жолу парацетамол ичтим айыктым гриптен суук тийгенден ошентип эле айыгып келгем мурда
+2
kriss120
2020-06-19 10:52:26
Сразу 1000деп акчанарды болуп алып биз жендик деп койгулачы.Сериял узарып кеттиго
+10
bekbolotabdirasulov
2020-06-19 17:20:58
kriss120,оа , по сценарию кийинки ай бутот да)) хэхэ
+2
take.kg86
2020-06-19 19:07:18
Сериял да бара бара кызып отуруп аягында хүү болот же воо болотко. Бул вируста так ошондой эле сериял
+1
МАЛЫШ
2020-06-19 22:01:44
Оюмча калп эле цифралар. Ушунча адам ооруду ушунчасын даарыладык деп сом шыпырыш атышат.
+1
Arstan18.18
2020-06-19 22:08:24
Москвадагылар барбай турса болмок! Эми шылтоо болуп кайра жабылбаса
+1
Nursul
2020-06-20 08:08:56
Вирус жок эле өз ажалы менен өлгөн адамдын сөөгүн сатып алалы сөөктү бизге бергиле дегендерине караганда бул жерде чоң оюн бар
0
sobr.88
2020-06-20 14:44:07
эмнеге ушул оорулуулардын списогун так, даана айтышпайт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан