"Бүгүнкү күндө талапка жооп бербеген ишканалар дагы ишке чыгып алышты" деп бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйынында өкмөттун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
Ал 1-майдан баштап жеңилдиктер берилди деп айылдарды кыдырып кеткен туура эмес экенин эскертти. "Медицина кызматкерлеринин берген талаптарына ылайык иш жүргүзүү керек. Өндүрүш тармагында иштеген кызматкерлерди жумушка алып келүү үчүн унаалар шартка жооп бериши зарыл. Объекттерге кирердин алдында жарандардын дене табын өлчөө керек. Талаптарга жооп берген ишканалар гана ачылат. Мекеменин ичин тазалап туруу зарыл. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги талаптарды сунуштап жатат. Бирок бүгүнкү күндө талапка жооп бергени да, бербегени да ишке чыгып алышты.
Ош шаарында өзгөчө абал уланууда. Ош шаарына көп келе бербөө шарт. Ушунча кылган мээнетти текке кетирбөө зарыл. Талаптарды аткарууга чакырам", - дейт Жылкыбаев.