Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров эмне үчүн жардамга муктаж жарандарга акчалай көмөк көрсөтүлбөй жатканын сурады.
"Жардамга муктаждарга берилип жаткан азык-түлүктүн акчасын эле берип койбой, сатып алып таратып жатасыңар? Ал жерде да бизнес болуп жатат", - дейт Сабиров.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жардамды азык-түлүк менен берүү эффективдүү экенин айтты. "Акчаны алып азык-түлүккө барса, үйдө отур деген принцип бузулат. Ошондуктан азык-түлүктү өзүбүз жеткирип берип жатабыз", - деди өкмөт башчы.
Учурда жыйында коронавируска каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.