Германияда тамактануучу жайлар акырындан ачыла баштады. Бирок ал жакта кардарлар ортосунда 1 жарым метр аралык сакталыш керек деген талап коюлган. Шверин шаарындагы ресторандын ээси аралыкты сактоонун оргиналдуу жолун ойлоп тапканын немис басылмалары жазышат.
"Бул ресторандын конокторуна атайын баш кийим берилет. Анын үстүндө поролондон жасалган тик учактыкы сымал буралмалары бар. Алар адамдарды бири-бирине жакындатпайт. Натыйжада алардын ортосунда аргасыз аралык сакталат. Кардарлардын көбү мындай тапкычтыкка юмор менен мамиле жасашкан. Айрымдары баш кийим анча-мынча ыңгайсыздык жаратарын, бирок бул коомдук жайларда коопсуз жүрүүнүн ишенимдүү жолу экенин моюнга алышкан", - деп жазылат маалыматта.