Бүгүн, 22-май күнү Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург чартердик каттам менен 22 жаран Кыргыз өлкөсүнө кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"22-май күнү Кыргыз өлкөсүнө “Урал авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик каттам учуп келди. Бул каттам Кыргыз өлкөсүнөн Орусиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Орусия тарап менен биргеликте уюштурулган.
Орусия тарап менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен 22 Кыргыз жараны келди. Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана кош бойлуу болгондугуна байланыштуу мекенине ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат", - деп жазылат маалыматта.