Бүгүн, 4-майда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаардагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарында коронавирустун эң көп учуру катталды. Борбор калаада 1 миллионго чукул адам жашайт.
4-майга карата борбор калаабызда 231 адамдан вирус аныкталды. Алардын 34ү сырттан келгендер болсо, 197 адам жергиликтүүлөр.
Коронавирус аныкталган адамдардын ичинен эң көбү Ленин районунда катталды. Бул райондо 82 адамдан вирус аныкталды. Октябрь районунда 45 адам, Биринчи Май районунда 41, Свердлов районунда 21 адамдан вирус аныкталды", - деди вице-мэр.