Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 635 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 85 адам каза болсо, 3 миң 79 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 694;
Свердлов облусунда - 252;
Нижегород облусунда - 188;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 188 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 818 миң 120 адамдан коронавирус аныкталды. 13 миң 354 адам каза болсо, 603 миң 329 бейтап айыгып чыкты.