"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 109 миллион 136 миң 51 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 16-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 109 миллион 136 миң 51 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 61 миллион 309 миң 264 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 407 миң 41 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 692 миң 654 болду. 486 миң 316 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 916 миң 589 адамдан аныкталды. 155 миң 732 адам каза болсо, 10 миллион 621 миң 220 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 866 миң 710 адам вируска кабылган. 239 миң 773 бейтап көз жумса, 8 миллион 821 миң 887 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан