Коронавирусту өз учурунда ооздуктаган Жаңы Зеландияга инвесторлор келе баштады

Дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири "Microsoft" маалымат менен иштеген борборун Жаңы Зеландияга кура турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул билдирүү жарык көрөр замат өлкөнүн премьер-министри билдирүү тараткан. Анда ал коронавирусту өз учурунда ооздуктоо аларга экономикалык жактан көп пайда алып келерин айткан.

"Азыркы тапта биз коопсуз өлкө болуп жатканыбыз эң чоң артыкчылыгыбыз. Муну менен экономикабызды көптөгөн өлкөлөрдөн мурда кайра калыбына келүүгө жөндөмдүү кылдык. Эгерде Жаңы Зеландиянын экономикасына ишенбесе ири компания инвестор болуп келбейт эле", - деп билдирген Жасинда Ардерн.

Расмий маалыматтарга таянсак, өлкө боюнча жалпы 1 миң 488 адамда вирус аныкталган. Алардын ичинен 1 миң 302 адам айыгып чыкса, 21 жаран көз жумган. Ал эми акыркы апта ичинде 2 гана адамдан вирус аныкталган. Өлкөдө көпчүлүк карантиндик чектөөлөр алына элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан