"Өпкөмдө айнектин сыныктары бардай". Коронавирус менен күрөшүп жаткандар оорунун белгилерин айтып, олуттуу мамиле кылууга чакырышты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 2 жарым миллиондон ашты. Бирок бул илдетти өтө деле коркунучтуу эмес, сасык тумоонун бир түрү дегендер дагы бар. Оорулуулар айрым кенебеген жарандарга үн катып, оорунун белгилери, кандай өтүп жатканы тууралуу айтып беришти. Биз алардын кайрылуусун топтодук.

"Өпкөмдө айнектин сыныктары бардай"

Лондондун 39 жаштагы тургуну Тара Жейн Лэнгстон ооруканада жатып, видео тарткан. Анда Тара Жэйн коронавирус жуктуруп алгандан кийинки абалы тууралуу баяндаган. Ал 13-мартта ооруканага түшүп, 2 күндөн кийин вируска чалдыкканы тастыкталган.

"Мени карагыла, учурда мен түтүксүз дем ала албайм. Бул менин мурункуга салыштырмалуу 10 эсе жакшы болуп калган абалым. Өпкөмдө айнектин сыныктары бардай, аны түшүндүрүү кыйын. Ар бир дем алуубуз үчүн күрөшкөнгө туура келет. Бул аябай коркунучтуу экен. Сактангыла, эрежелерди аткаргыла, менин ордумда болбогула", - дейт ал.

"Вирус жуктуруп алсаңар дем алуу үчүн күрөшкөнгө даяр болгула"

Ирландиялык Марк Макларг аттуу чиркөө кызматкери коронавируска кабылгандан бери эмнелерди башынан өткөргөнүн айтып, видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Мен коронавирус менен бир аптадан бери күрөшүп келе жатам. Мени оорукананын реаниматологдору карап жатышат. Бул коронавирус өтө кооптуу, өлүмгө алып келет. Коронавирус сени өлтүргүсү келип, өмүрүңдү өпкөң аркылуу чыгарып алууга аракет кылат. Мен бүгүнкү таңда тирүү экениме ыраазы болдум.

Эгер коронавирус жуктуруп алсаңар, дем алууңар үчүн күрөшкөнгө даяр болгула. Бардык талаптарды аткарып, акылдуу болгула. Менин кайрылуум силерге тиешеси жок деп ойлобогула. Ооруну жөтөл же сасык тумоо деп кабыл албагыла", - деген ал өз кайрылуусунда.

"Инголятор колдонгондо өпкөмдүн ооруганы басаңдай түшөт"

Улуу Британиянын коронавирус жуктуруп алган 39 жаштагы тургуну Жастин дагы оорунун белгилери кандай экенин айтып чыкты. Айтымында, ал кант диабети менен жабыркайт, коронавирустун белгилерин 4-мартта байкаган. Анда Жастиндин башы, өпкөсү катуу ооруп, дем алуусу кыйындай баштаган. Эс-учун жоготкондон кийин гана ооруканага кайрылган. Бирок дарыгерлер ал сасык тумоо болуп калганын айтышып, абалы оорлошсо, кабарлашып коюуну айтышкан. Экинчи ирет ооруканага барганда Жастинден коронавирус аныкталган.

"Өпкөм катуу ооруйт. Инголятор колдонгондо оору бир аз басаңдай түшөт. Акмак болбой, үйдө отургула", - деген ал.

"Коронавирус карыларга гана жугат десеңиз мен тирүү мисалмын"

АКШнын 22 жаштагы тургуну Эми Ширсель интернеттеги расмий баракчаларынын бирине коронавирус менен ооруп калганын жазып чыккан. Бейтап Европага барып келгенден кийин өзүн начар сезип, табити жоголуп, уктай албай баштаган. 4 күндөн кийин андан коронавирус аныкталган.

"Өзүмдү начар сезгениме 4 күн болгондо көңүлүм айнып баштады. Бешинчи күнү абалым дагы начарлады. Өзүмдү мынчалык жаман сезген эмесмин.

Жашыңыз 20да болсо коронавирус менен оорубайм дебеңиз. Коронавирус карыларга гана жугат десеңиз мен тирүү мисалмын", - деген ал. Учурда бейтап абалы жакшы болуп баратканын айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kich
2020-04-21 13:27:16
Super.kg Адам опкосу ооруганын кантип билет экен тан калдым жазганынарга башка мамлекеттин адамдары ички аппаратынын кайсы органы ооруп жатканынан бери билет экенда анда
0
Evroset.Evroset.
2020-04-21 16:55:03
Кенебестик кылбайлы! Эрежени туура сактайлы! Кудай дагы сактанганды сактайт. Ар бирибиз оз ден соолугузга,жакындарыбыздын ден соолгуна кайдыгер мамиле кылбайлы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан