Ысык-Көлгө кирүүдө жарандардан коронавирус жок экендигин көрсөткөн аныктама талап кылынбайт, бирок 14 күндүк үй карантинге алынат

Ысык-Көл облусуна киргендер адегенде 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул тууралуу облустук штабдан маалымдашты.

Анда айтылгандай, мындай чечим Бишкек шаарында коронавирус боюнча абал оң тарапка ообой жатканы менен байланыштуу. Мунун алкагында штаб дарыгерлер менен кеңешип, алардын сунушу менен чечим кабыл алынган.

"Эми Ысык-Көл облусуна кирип бара жатканда COVID-19 инфекциясы жок экендигин көрсөткөн аныктама талап кылынбайт. Бирок облуска кирген адам барган жеринде 14 күндүк үй карантининде болот. Облустун жашоочулары башка аймактарга чыга алышат. 3-майдагы чечимдин облуска кирүү боюна бөлүгүнө гана өзгөртүүлөр кирди", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2020-05-06 17:41:45
Кирип эле чыксачы
0
Chungyz
2020-05-06 18:08:20
Бул ооруну эч ким токтото албайт дарысы чыкса деле вирус пайда болуп тура берет справка деле эч нерсени чече албайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан