Бишкек шаарынын бюджетине болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул жылга карата кирешелердин түшүүлөрү 1 миллиард 500 миллион сомго аткарылбай калат. Маалыматты онлайн-брифинг учурунда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев айтты.
Ал белгилегендей, негизинен салыктык кирешелер чакан жана орто бизнестен, ошондой эле ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде жеке ишкерлер тарабынан түшөт.
"Шаар бюджети социалдык жакка багытталган. Абал өзгөрүлүп кеткендигине байланыштуу Бишкек мэриясы бюджетин кайра карап чыгып, чыгашаларды оптималдаштыруу, чектөөнү пландоодо.
Пайда болгон кризис шаардыктардын экономикалык абалына таасирин тийгизди. Аларда туруктуу кирешеси жок болгондуктан, акча каражаттарынын камы түгөндү. Ошондой эле борбор калаанын калктуу конуштарында жашаган аярлуу калктын туруктуу эмгек акысы же тийиштүү акчасы жоктугуна байланыштуу азык-түлүк сатып алуу мүмкүндүктөрү жетпей жатат", - деп билдирди ал.
Айтымында, булардын бардыгын эске алып, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. 90 миңден ашык адамга жалпы суммасы 50 миллион сомго жакын гуманитардык жардам таркатылганын Бакетаев айтып өттү.