Польшада жарандык абалдын актысын каттоо имаратына келип, нике кыюу жөрөлгөсүн өткөрүүгө уруксат берилди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда карантин шартында расмий никеге турууну каалагандар менен бирге дагы эки гана адам күбө катары катыша алары айтылат.
"Жаш жубайлар үйлөнүү залында күбө жана жарандык абалдын актыларын каттаган кызматкердин катышуусунда расмий никеге катталышат. Ошондой эле шаан-шөкөт уюштурууга болбойт. Мындан тышкары үйлөнүү аземи учурунда бардыгы бет капчан жүрүүгө тийиш", - деп жазылат маалыматта.