Япониядагы круиздик лайнерде Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда өтүп жаткан жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, 26-февралда лайнердеги Кыргыз жараны тапшырган тесттен оң жыйынтык чыгып калган жана ал коронавирустун жеңил түрүн жуктуруп алган.
"Ал учурда Япониядагы лабораториялардын биринде дарыланып жатат. Учурда абалы канааттандырарлык. Күн сайын кан берип, текшерүүдөн өтүп жатат. Буга байланыштуу бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал жак менен биздин элчилик, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги байланышта болуп жатат", - деди Абдрахманов.
Буга чейин 18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген. Андан соң Sputnik Кыргызстан агенттиги Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги Кыргыз жараны менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашкан.
"Diamond Princess" кемесинде коронавирустан улам каза болгондордун саны 4 адамга жеткен.
Сууда сүзүп жүрүүчү түрмө деп атыккан бул лайнерде коронавирус кантип жайылып кеткени тууралуу кенен маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.