Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражаттар 31-мартта борбордук казыналыктын учурдагы эсебине 120 миллион 85 миң доллар өлчөмүндө түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражаттар 8-апрелде Улуттук банктын эсептик курсу боюнча 1 доллар 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 миллион 256 миң сомду түздү. Ошол эле учурда 490 миллион 8 миң сомдун курстук айырмасы республикалык бюджеттин кирешелеринде курстук айырмачылыктан түшкөн киреше катары чагылдырылды.
2020-жылдын апрель айында Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 миллион 896 миң 800 сом жумшалды.
Ошентип Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы ушул жылдын апрелине карата 1 миллион 359 миң 800 сомду түзөт. Ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат.