Америкалык ырчы Мадонна коронавирус менен ооруганы маалым болду

Америкалык ырчы Мадонна коронавирус менен ооруп, айыкканын билдирди. Бул маалыматты ырчы Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Мадоннанын айтымында, ал Madame X деп аталган дүйнөлүк турнесинде ооруга чалдыкканын билдирген. Турне менен ырчы айым Португалия, Англия, Францияга барган. Мартта карантиндик чектөөлөр киргизилип баштаганына байланыштуу концертин токтоткон.

"Мындан 2 ай мурун, Парижде концерттик тур аягына чыгып калганда мен жана командамдагы артисттер баарыбыз оорудук. Анда биз жөн гана сасык тумоо болдук деп ойлогонбуз", - деген Мадонна. Ошондой эле 61 жаштагы ырчы коронавирус менен күрөшүү үчүн вакцина иштеп чыгууга 1 миллион доллар бөлгөнүн кошумчалаган. Учурда ал абалы жакшы экендигин жана коронавируска тапшырган тести таза чыкканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан