Жогорку Кеңештин депутаттары бул аптада чогулушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-апрелде депутаттар билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын 29-апрелде же 30-апрелде өтөт. Анда өзгөчө абал режими тууралуу маселе талкууланат. Ал эми эртең, 28-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтөт.
Буга чейин парламенттин отуруму 15-апрелде өткөн. Анда Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. Ошону менен катар эле Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.