Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 14 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7 кызматкердин анализдери күмөндүү жыйынтык көрсөткөндүктөн, кайрадан тест тапшырышкан. Коронавирус жуктуруп алган 5 кызматкер үйүндө иштеп жаткан. Бир кызматкер иш өргүүсүндө илдетке кабылган. Бардык кызматкерлерден анализдер алынып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүүдө. Салык кызматтары штаттык режимде иштөөдө.